28-май күнү Жалал-Абад ОИИБнын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ноокен районунун Чоң-Багыш айылында жайгашкан «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун суу камсыздоо ишканасынын аймагында эгилген жүгөрүнүн арасына өстүрүлгөн баңги затын табышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасынын тургуну 1980-жылы туулган М.С. тарабынан атайлап карап өстүрүлгөн 1395 түп, болжол менен 200кг болгон баңги затын камсыздаган өсүмдүктөр табылып, калыстардын катышуусунда алынып, тийиштүү иш-кагаздары түзүлгөн.
Аталган факт боюнча топтолгон материал Ноокен РИИБне катталып, кылмыш иши козголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ