Menu

Кыргыз-Кувейт мамилелери талкууланды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 31-майда, Кувейттин Улуттук маданият, искусство жана адабият боюнча кеңешинин баш катчысы Али Хусейн Аль-Юха менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кувейтте Кыргызстандын маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштардын чыңдалышына шарт түздү.

«Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2016-жыл Тарых жана маданият жылы катары жарыяланган. Анын алкагында Кыргызстандын Кувейтте маданият күндөрү өткөрүлгөн. Менин ишенимимде, ал мамлекеттер аралык эки тараптуу кызматташууга кошумча дем берди» – деп белгиледи Жээнбеков.

Кувейттин Улуттук маданият, искусство жана адабият боюнча кеңешинин баш катчысы Али Хусейн Аль-Юха премьер-министрге ыраазычылык билдирип, эки тараптуу маданий-гуманитардык мамилелер динамикалуу түрдө өнүгүүсү керектигин билдирди.

«Бүгүн Кыргызстанда Кувейттин маданият күндөрү ачылууда, анын алкагында Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда бир катар маданий-массалык иш-чаралар каралган. Мындай иш-чаралардын өткөрүлүшү эки өлкө элдеринин маданий баарлашуусунун чыңдалуусуна жана өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт», – деп билдирди Али Хусейн Аль-Юха.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: