Акыркы кезде коомчулукта Башкы прокуратуранын дарегине абдан көп сындар айтылууда. Себеби пркуратуранын белдүү кызматкерлерине байланышкан бир нече чуулуу окуялар болуп кетти. Ошого карабастан бул көзөмөл органынын ишин жакшыртуу, жандандыруу боюнча Башкы прокурор Индира Жоолдубаева тарабынан алгылыктуу аракеттер көрүнбөй жатат. Элге жарыя болгон кээ бир кылмыш иштерине кылмыш козгомок турсун, көңүл сыртында калтырышууда. Ушу тапта мыйзам бузууларга даттанган элдин арызы тоодой үйүлүп, алардын каралбай жатканына нааразы болгон жарандар маалымат каражаттарына кайрылышууда. Бул абдан өкүнүчтүү. Мыйзамсыздыкка жаны кейиген жарандар даттануусу каралбаган соң акырындык менен прокуратурага да элдин ишеними кете баштады.
Булак: “Жаңы агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ