Menu

Уфада кыргыз-орус аймак аралык жыйын өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 2-июнда, Орусиянын Уфа шаарында V кыргыз-орус аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” аттуу жыйын өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

V аймак аралык конференцияда кыргыз тараптан барган делегацияны вице-премьер-министр Олег Панкратов жетектейт. Делегациянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана ишкерлер кирген.

Аймак аралык жыйында Кыргыз Республикасынын облустары менен Орусия Федерациясынын субьектилери ортосунда экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы кызматташууну чыңдоого тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоо пландаштырылууда.

Жыйында өзгөчө көңүл кыргыз-башкыр ишкерлерине түз байланышууга шарт түзүүгө бурулат, анын катарында Кыргызстандын айыл-чарба продукциясын Орусиянын аймагына үзгүлтүксүз түз алып чыгуу маселелерин талкуулоого басым жасалмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: