Menu

Францияда “Евро-2016” учурунда теракт болушу ыктымал

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, быйыл жайында Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугу учурунда террордук коркунучтар күтүлүп жатат.

“Евро-2016” 10-июнда Парижде башталып, бир айга созулат. Мелдештер 2 миллионго чукул адамды өзүнө тартары айтылууда.

«Биз жарандарга Европада террордук чабуул болушу мүмкүндүгүн эскертебиз. Террорчулар эл көп топтолгон жерлерди, ресторан, бизнес-борборлору менен коомдук транспортторду бутага алышы ыктымал», – деп айтылат мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Эскертүү августтун этегине чейин берилген. Документте футбол күйөрмандары көп чогулган Еврокубоктун стадиондору, оюндарды трансляция кылган аймактар жана башка жерлерге чабуул жасалышы мүмкүндүгү эскертилген.

АКШнын мамлекеттик департаменти бул өңдүү эскертүүлөрдү байма-бай жарыялап турат. Акыркы ирет быйыл 22-мартта Брюсселдеги кош жардыруулардан кийин берген, анын мөөнөтү июнда аяктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: