Menu

Депутаттар Салянованын тойлор жөнүндөгү мыйзамын четке какты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова демилгелеген мамлекеттик кызматкерлердин тойлорундагы ысырапкорчулукка чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү четке какты.  Мыйзамды 42 гана депутат колдоп, 70 депутат каршы добуш берди.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору буга чейин жалпы жыйында талкууланып, көпчүлүк депутаттардын сынына кабылган эле. Анда эл өкүлдөрү мамлекеттик кызматчылар менен карапайым элди бөлүп карабай, мыйзам баарына бирдей иштеши керек деген пикирлерин айтышкан.

Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында үйлөнүү тойлорунда, үй-бүлөлүк салтанаттарда, аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүндө ашыкча ысырапкорчулукка, шаан-шөкөткө жол бербөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык тойлорго чакырылган коноктордун саны 100дөн ашпашы керектиги калтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: