Аз убакыт мурун Чүй облусунун экс-губернатору Болоткан Кумаровго таандык үйдүн электр-энергиясына болгон карызы ай-асманды чапчып, мамлекетке келтирилген карызы 40 миң сомдон кем эмес экендиги каңкууланды. Эми элестете бергиле, бай-бачадай жашоо образын кечирген Кумаров бир заматта жардынын образын жаратып, мамлекетке болгон карызын төлөбөй, догурунуп жатканы кандай? Эгерде Кумаровдун ордунда карапайым элден бирөө болгондо, электриктер баса калып, светин кыркып, сотко сүйрөй чуркашмак. Эсиңерде болсо, узаган кышта Кочкор районундагы карапайым тургундун электрге болгон арзыбаган карызы үчүн райондун электриктери светин кыйып, баса беришкенде адилетсиздикке чыдабай, үй ээси жүрөгү кармап, дароо жан берген. Бу Болоткан аксакал эл көзүндөгү инсан болгон соң, «Элдик парламентке» мүчө болуп, саясатка аттанганды коюп, алгач карызынан кутулбайбы? Өткөн айда келин алган тоюнан деле калтасы конвертке толуп, дүр-дүнүйөгө көмүлүп кала жаздады го? Мамлекетке болгон карызын желкесинен сүйрөп келип кустурганга биздин күч орган өкүлдөрүнүн дараметтери жетишпей жатабы?..
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ