Menu

Эдил Байсалов: “Сот реформасынын фиаскосуна Атамбаев эмес Роза Отунбаева жоопкер. Атамбаев азыр кимди каматып, кимге көз жумуп коёрду өзү билет…”

Бөлүшүү:

Эки күн мурун бир гезиттин суроолоруна жооп бергем. Жоопторум редакцияга же кожоюндарына жакпай калганбы, айтоор цензураланып чыгарылыптыр. Мына эмесе толук варианты.
Данияр Нарымбаев менен бирге күнөөлөнүп, камакка алынган Коркмазов камактан чыгарылды, ошол эле Нариман Түлеев дагы акталды, коррупцияга болгон күрөш тескери кеткен жокпу?
– Коррупция менен күрөшөм деп жатып, президент Атамбаев мамлекеттик бийликти талкалады. Бир дагы жаңы завод курулбай, чечкиндүү кадамдар жасалбай, баардык жетекчилер жоопкерчилик алуудан баш тартканына беш жыл болду. Атамбаев баардык бийликти эң коррупцияланган күч органдарына берип койду. Тазалыкты эң кир, Акаев, Бакиевдердин доорунда деградацияланган структуралары орнотот имиш. Майрам Дүйшөновна апченин сүйүктүү үкасына, Оксана Малеваннаянын шакирттерине мамлекетти тазалоо ишин тапшырган президент мырза аман эле болсун.
Ошолордун жана өзүнүн “нукерлеринин (жөкөр) сөзүнө ишенип, мына Нарымбаевди да каматты. Ал күнөлүүбү, күнөөсүзбү аныктала элек учурда эле Атамбаев өзү былтыр жайында «мен каматпай деле коё алмакмын» деп айтып чыкпадыбы? Көрсө, бизде мурункудай эле президент мырза кимди каматып, кимге көз жумуп коёрду өзү билет экен да. Анда азыркы бийликтин байма-бай сындап келген мурункулардан айырмасы кайсы? Өнүккөн өлкөлөрдө мындай соттун, прокуратуранын ишине кийлигишүү үчүн президентке заматта импичмент жарыяланмак. Бизде болсо баардыгыбыз билип туруп, унчукпайбыз.
Менимче, Нарымбаевди шефинен алыстаткан, анын таасирине кызганган, эми аягында каматып, таш-талканын чыгарган шоопур тарап экени башынан белгилүү болгон. Былтыр Нарымбаев так Атамбаевдин кызыкчылыгында, баардык фракция жетекчилерди көндүрүп, коомдук пикирди буруп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол ачкан. Өзгөчө ошол учурда Текебаевди көндүрүү кыйын болчу. Конституциянын автору, азыркы доордун эң чоң мамлекет ишмери катары ал киши каршы туруп алганда, Конституциялык реформага жол берилмек эмес. Бирок ошол Текебаевти көндүргөн так Нарымбаев болгон. Мен ошондо Өмүрбек Чиркешевич макул болгонуна аябай таң калгам. “Кантип, 2020-жылга чейин өзгөртүлбөс статьяларды «оңдоп коёлук» деп демилгечи болуп чыкканы кызык болдгон. Бул ал кишиге оңой турган жок, бирок ошого барган! Баардыгы даяр болуп калганда, Атамбаев чалкасынан кетип, бир заматта айнып, кайра ошол Текебаев менен Куловдорду клоун (маскарапоз) кылып көрсөтүп койду. Нарымбаев бир жылдык иши, саясаттагы авторитети текке кеткенин көрүп, Атамбаевге барып отставкага кетерин билдирген. Мен билишимче, “эмне кыласың кеткенде?” деген суроого “Ата-Мекендин” тизмесине кирем” деп койгонуна Атамбаевтин каны кайнап, эки күндөн кийин Нарымбаев камалган. Баардыгыбыз көргөндөй Нарымбаев түздөн түз акча алганы далилденбесе дагы, аны күтпөстөн, шашылыш буйрук менен президент каарын төктү. Албетте, азыр Текебаев ага жан тартат, тартпагандачы! Бирок, кайра эле мен айткандай, Текебаевдей дөөнүн сөзү азыр өтпөй, Атамбаевдин деле жөкөрлөрү эмес, мекенибизде Бакиевтин туугандары дайындап кеткен, кечеги зонтик карматкан Бишкек прокурормун деген көпкөн акмактардын колунда бийлик турат. Мына 7-апрелдин, Атамбаевдин доорунун жыйынтыгы жанагы Бишкектин прокурорунда!
Сот реформасын баштаганда 2011-жылы мен толугу менен 100% жаңы жана жаш, бузулбаган чынчыл адамдарды сот кылып дайындоону ал кездеги президент Роза Исаковнага сунуштагам,. Жогорку Сотко кана жана аппелляциялык сотторго эң авториттеттүү, тажрыйбалуу беш-алты судьяларды дайындаш керек дегем. Калгандарын 100% тазалашыбыз керек. Ошондо гана, мекенибизде сотторго, сот адилеттүүлүгүнө элдин ишеними кайтмак. Мен Саакашвилиге да кайрылып, Роза Исаковнага сотторду ошол гана жол менен оңдоо мүмкүн экендигин түшүндүрүп бериңиз деп айттыргам. Ал киши Нью-Йоркто БУУнун жыйыны учурунда кенен айтып берген. Азыр жер-жерлерде сот реформасынын фиаскосу Атамбаевдин жыйынтыгы деп жүрөт. Жок, бул жерде жоопкерчилик так Отунбаевада. Реформаларды туура эмес түзүп, орто жерде келдибековчу Жогорку Кеңешке демилгени алдырып ийип, комиссия курамы толугу менен жийиркеничтүү паракорлордон түзүлгөнү – так Отунбаеванын көзөмөлүндө өттү. Анан дагы, ошону көрүп, оңдоонун ордуна, бул Жогорку Сот судьясынын кызы, башка судьянын аяш атасынын кызын Жогорку Сотко төрайым кылып дайындаган. Анан ойгонуп кеткенсип өзү телешоу уюштуруп, судьялыкка кандидаттардан экзамен алганычы. Ошолорго катуу сөз айтканы менен, баары бир алардын баардыгы дайындалды аягында. Мындай болорун мен билгем.
Мени укканда болмок деген сөздү азыр айтпаганда, мен качан айтам?! Мына дагы бир жолу 7-апрелдин шейиттери мурунку коррупционер-соттор кайра 50-100 миң доллар пара беришип, отурган жерлеринен өйдөлөнүп дайындалгандары 100% Отунбаеванын мурасы. Бул тармакта жарым-жартылай чаралар эч качан жыйынтык бербейт. “Бир карын майды бир кумалак чиритет”! Толугу менен алмаштырып, тазалаш керек!
Билим берүү министри Эльвира Сариеванын ишине дагы нааразы болгондор арбый баштады, Сариеванын иш аракетине кандай баа бересиз?
– Эльвира Сариеваны мен жакын тааныйм. Ал киши эмне жерден вице-премьер министр болуп дайындалып калганы өзүнө белгисиз! Бирок Талиева менен Кудайбердиевалар дайындалып жатканда, Сариева эмне учун дайындалбасын. Сөз жеке эле Элвирада эмес. Биз өткөндө отуруп алып, өкмөт мүчөлөрүнүн бирөөсүн да атай албай койдук. Азыркылар кечирип коюшсун, өкмөттө белгилүү, жолу улуу адамдар жок! Министрлер кабинети саясий ишмерлерден турушу керек! Бул баардык жерде ошондой. Балким монархияларда жана авторитардык мамлекеттерде кана диктатор күчүнө таянып каалаганын кое берет. Мына ошондо достор жалгыз Мелис Турганбаевди эстешти эле, мына бүгүн аны да алып тышташты. Губернаторлорду болсо менин досторум эмес, мендей профессионалдуу саясатчылар, бирин да тааныбайбыз, ал ким, каяктан келген, көз караштары кандай экенин эмес, жада калса өңүнөн таанып, атын да билбейбиз! Берки Статкомитетке жакында Атамбаев Өзгөндөгү МАИлерди сөгүп, абдан төмөнкү деңгээли менен аты чыккан адамды дайындады.
Эмне дейбиз? Кээ бир учурларда ушундай маселелерге сын айтсаң, сенин ичин күйөт дешет! Албетте, күйөт! Күйбөй коймок беле! Мени дайындабай эле койсун, Атамбаевдин шоопуруна мен кызмат кыла албайм! Бирок канчалаган компетенттүү-тажырыйбалуу, мекенибизди гүлдөтчү адамдар азыр бош жатышат! Эмне ошолорду ишке тартпайт президент???
Учурда парламент депутаттары кандай иштеп жатат, депутаттарга кандай баа бермексиз?
– Депутаттарга сөз жок! Мамлекеттин өнүгүүнүн приоритеттерин бийлике келген партия так жана ачык жарыялаш керек эле. Анан Социал-демократтар программасыз эле шайланып келсе, баардык суроолорго «биз президенттин туруктуу өнүгүү программасын колдойбуз, ишке ашырабыз» деген сөздөн башка сөз айта алышпайт. Ал программа делген чийки документ 2013-жылы эчактан эскиргени менен иштери жок! Ошондон анан күнүго биздин парламентибиз «акылдуусунган» эткен кеңешчи сөөрөйгө айланып, микрофон алган депутаттар күнүгө «мындай кылышыбыз керек, андай, бул жерди карап койгула» дегендендеринен өздөрү кантип уялышпайт, таң каласын? Кыргызстандын кайсы бурчу болбосун, бир айылдын капысынан тандалган 120 тургуну менимче биздин депутаттарыбыздын деңгээлинен ашат болушу керек деп ойлоп калган күндөр көп! Негизинен, жеке депутаттарда айып жок, аракет кылып келетышат, кеп регламентте жана парламенттик салттарыбыз «парламенттин башкарууну» натуура түшүнүп алганыбызда. Буюрса эми, бул көч бара бара түзөлөт деген ишенимдемин.
Бекболот Талгарбеков баштаган «Элдик парламентке кандай баа бересиз?
– Талгарбеков мырза таарынбайт мага, бирок мен башында эле айткам, баардык сөзү туура айтылды, бирок «чет элдик генералдардын» колдоосуна ээмин дегени түздөн түз чыккынчылык! Кыргыздын тагдырын кыргыз эли чечет! Конституцияда көрсөтүлгөн шайлоо жолу менен! Чет элдик генералдар болобу, президент-олигархтарыбы – биздин ишке аралашпасын, алардын пикирине кыргыз эли муктаж эмес! Өз жерибизде өзубуз эгемен элибиз чечим кабыл алышы керек!
Эдил Байсаловдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: