Menu

“Ата Мекен” партиясынын съезди дагы өтпөй калды

Бөлүшүү:

2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоодо ачылып (башталып), ушу кезге чейин жабылбай (бүтпөй) келе жаткан «Ата Мекен» партиясынын съезди тууралуу ЖМКларда далай ирет сөз болгон. Бул иш-чараны өткөрбөй чоюп келе жаткан Өмүрбек Текебаевди сындаган «атамекенчилер» «капчыктуулар менен саясый сойкуларга кошулуп, партиялаштарын сатып кеткен неме, талоонго калуудан коркуп, бети чыдабай качып атат» деген кине тагып келатканы, атургай, «лидерсиз эле съезд өткөзөбүз» деп жулунуп чыгышканы эмнеси?

Эски «атамекенчи» Туратбек Мадылбековдун айтымында, өз алдынча май айынын аягында съезд өткөрүүнү пландап жаткан демилгелүү топтун планы бузулуп, өтпөй турган болуптур. Депутат Алманбет Шыкмаматовдун «Алардын съезди легитимсиз болот» деген пикиринен кийин демилгечилердин демдери сууп, ойлорунан кайта баштагандай.

Бирок, кандай деген күндө деле, партиялык иштер каралбай, съезди жарым жылдан ашык жабылбай турганы бетке чиркөө болуп туру. Бул жагдай аброй алып келбесин түшүнгөн партия лидери да айласы куруп, маселени бир жаңсыл кылуу жагынан эки көзү терт. Ушундай кырдаалдан чыгаруунун жолун тапкан, эски «атамекенчилердин» бири укмуштуудай план сунуштаптыр! Эч кимге, айрыкча, беттен алчуларга билдирбей, чакан топ менен Бишкектен сырткары (Миң-Кушта) жерде съезд өткөзө коюп, чуулгандуу ишин жаба салуу боюнча… Таппасаң сыйпалап калгырдыкы! Кызык. Эмнеси бар экен? Илгери Ленин деле РСДРПнын съездин 10-15 адам менен Лондондон өткөрбөдү беле? Кандай айырма, айыбы жабылса болду да…

Булак: “Азия news

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: