Menu

Замирбек Көчөрбаев, “Кыргыз чоролору”: “Аудиозаписти далил катары кабыл алып оппозиционерлерди камап жаткан бийлик кыргыз кызын булгап жаткан чет элдиктин видеозаписин далил катары кабыл албай жатат”

Бөлүшүү:

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев бир күндүк нике үчүн $200 төлөп, кыргыз кыздары менен жыныстык катышка барып жаткан Кувейт мамлекетинин жараны, “Табарак” диний фондунун башчысы Абдулла Фалех Жабир тууралу таркаган видеотасма тууралу төмөнкүдөй билдирүү таратты:
“Эй, кыргыздын жигиттери качан ойгоносуңар? Же койнуңардагы катыныңарга жеткенге чейин күтө турасынарбы? Улуттук намыс, ар деген бизде барбы?
Биздин кыздарыбыздын намысын коргой албаганыбыз, улутубуздун намысын коргой албаганыбыз. Мындай улуттун келечеги күмөн болот. Акылга келели. Курсагыбыздын токтугуна, кийимибиздин бүтүндүгүнө кайыл болуп жүрө бербей балдарыбыздын бактысы үчүн күрөшөлү.
Урматтуу Достор!
Сураныч, ушул “Табарак” фондунун дарегин билсенер кабарлап койгулачы.
Биздин мам. органдар аудио запистерди факты катары кабыл алып бир нече оппозиционерлер темир тор артында жатат. Ал эми акчасы көп чет элдиктерге аудио тургай видео запись факты болуп бербейт тура? Биз Чоролор чечим кабыл алдык. Калганын убакыт көрсөтөт.”
(кыскартуу менен жарыяланды)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: