Бишкекте, 4-июнда Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунда экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Миррлис менен жолугушуу болуп өтөт. Бул тууралу БААУнун басма сөз кызматы билдирди.
Джеймс Миррлис – экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, экономиканын профессору, жазуучу, экономика боюнча консультанттардын Шотландиялык кеңешинин мүчөсү, Кембридждин Тринити-колледжинин мүчөсү, Гонконг университетинин колледждеринин биринин негиздөөчүсү катары белгилүү.
Окумуштуунун ою боюнча экономика өлкөлөрдүн бакубаттуу болушу үчүн кызмат кылыш керек, ал эми салык системасы – жарандардын байлыктарынын теңсиздигин кыскартууга багытталыш керек. Джеймс Миррлис өмүр бою социалдык камсыздандырууну, салык системасын, экономикалык кызыктырууну жана моралдык тобокелчиликтерди иликтеген.
Өткөн кылымдын 60-жылдарында ал АКШнын салык системасы, анын ичинен киреше салыгы боюнча тыгыз шугулданган.
Джеймс Миррлис анын аты менен аталган “метод Миррлиса” – оптималдуу прогрессивдүү салык методу боюнча теорияны түзгөн.
1996-жылы Миррлис британдык окумуштуу Уильям Викри менен бирге салык системасындагы изилдөөлөрү үчүн экономика боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ