Menu

Бир катар депутаттар лотерея ишине таптакыр тыюу салууга каршылык билдиришти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан өлкө аймагында лотерея ишине тыюу салуу максатында иштелип чыккан “лотерея ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда, өкмөт тираждык лотереяны калтыруу өтүнүчүн билдиргени, демилгечилер ага макул болгону, лотереяны мамлекеттик компаниялар уюштуруп, лотереянын тиражы мамлекеттик ЖМКда жарыялана турганы белгилүү болду.

Бир катар депутаттардын пикиринде, бюджетке каражат түшүрүп жаткан лотерея ишине таптакыр тыюу салбай эле, ири компания түзүү керек же аларды муниципалдык кылуу зарыл. Ошондо лотерея иши жаатындагы мыйзам бузуу жосундарына карата көзөмөл чараларын көрүү оӊой болот. Ал эми Мамфинкөзөмөл башчысы Санжар Мукамбетов лотереялар жабылса мамлекеттик бюджетке 32 млн сом түшпөй, 500 жумушчу орду бош каларын, ошондон улам өкмөт өзү мамлекеттик лотерея компаниясын түзүү аракетин көрүп жатканын билдирди.

Андан сырткары, жогорудагы мыйзамды толуктай турган “Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы да жактырылып, парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетек, ИИМ маалыматы боюнча, 2013-жылы 30 жазык иши козголгон, алардын ичинен 26сы сотко жөнөтүлгөн, 4 жазык ишинин өндүрүшү убактылуу токтотулган. 2014-жылы 12 жазык иши козголгон, алардын ичинен алтоосу сотко жөнөтүлгөн, 2 жазык ишинин өндүрүшү убактылуу токтотулган жана 2 жазык иши тергелип жатат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ошону менен бирге, мыйзам бузган жактардын жоопкерчилиги каралган “Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эске салсак, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Т.Зулпукаров, Б.Жетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров, Т.Икрамов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: