Menu

Ноокат районунда 345 адам ажылыкка жолдомо алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда ажылык сапарына баруучулар ортосунда электрондук чүчүкулак өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмсандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Ажылык сапарына талапкерлердин ортосунда өткөн чүчүкулакта Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев быйылкы ажылык сапарынын өзгөчөлүктөрү туурасында маалымат берип, ажылык ибадатка ниет кылган жалпы жарандарга ийгилик каалады. Андан соң КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Замир ажы Ракиев ажыга баруучулар ортосунда өткөрүүүчү чүчүкулактын эрежелерин түшүндүрүп, Ноокат району боюнча ажыга баруу ниети менен 689 жаран катталгандыгын жана Ноокат районуна 345 квота бөлүнгөндүгүн билдирди. Мындан сырткары Ноокат районуна бөлүнгөн ажылык квота айыл өкмөттөрдөгү калктын санынын коэфициентине жараша бөлүнгөндүгүн жана бөлүнгөн квотанын санынан катталган талапкерлердин саны ашпаган 9 айыл өкмөттө чүчүкулак өткөрүлбөстөн эле жарандар автоматтык түрдө ажылык сапарага өткөндүгү менен куттуктады. Ал эми бөлүнгөн квотанын санынан талапкерлердин саны көп катталган 7 айыл өкмөт жана Ноокат шаарында чүчүкулак ийгиликтүү өткөрүлүп, бардык тараптар жыйынтыкка ыраазы экендигин билдиришти.

Эскерте кетсек,  Ош облусу боюнча Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн районунда 2016-жылы ажыга баруучулардын саны бөлүнгөн квотадан ашпагандыктан чүчүкулак өткөрүлгөн жок. Ал эми ажылыкка катталгандардын саны басымдуулук кылган Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда чүчүкулак өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: