Кадамжай районунун Майдан айылында 3-июнь күнү түнкү саат 01:00 чамасында Дамас жеңил автоунаасы Исфайрам дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда унаанын ичинде 3 адам болгон. Кырсыктан 2 адам тирүү калып, унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган Колдош Убайдуллаев дайынсыз болууда.
Издөө иштерине жергиликтүү элдерден 50 адам жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызылкыя шаарындагы тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ