Темир Сариев премьер-министр болуп турганда өзүнө кеңешчи кылып алган «Бишкек парк» соода борборунун ээси, түрк жараны Айдын Мыстачоглуга алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Айдын Мыстачоглу башка бир түрк компаниясынын акчасын алдамчылык жол менен уурдап алгандыгы үчүн айыпталып жатат. Башка кыргыз жок калгансып түрк жаранын өзүнө акыл кошчу кылып алганына караганда, Сариевдин «Бишкек парк» соода борборунда оңбогондой үлүшү бар окшобойбу. Болбосо канатына калкаламак тургай жанына жуутпайт эле. Биздин аткаминерлерде такыр ар калбай калды го. Акча десе шайтанга дагы койнун ачышат чиркиндер.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ