Menu

Адиль Турдукулов, жаш саясатчы: “Башкаларды айтпай эле коёюн, бирок, мен грант алып көргөн жан эмесмин”

Бөлүшүү:

Айрым кесиптештерим “Адиль Турдукулов менен жеке мамилеңер үчүн эле гезитиңерге дайым чыгара бересиңер” деген кине коюп калышат. “Андай эмес” деп деле актанбайм. А бирок, каарманыбыз коомдогу саясый окуялар тууралуу ар убак пикирин жалтанбай билдирип турат. Негизгиси, саясый элитадагы айрым “сакалдуулар” сымал коркок билиштикке барбай, орчундуу окуяларда башын коңулга катпай, адилеттүүлүк үчүн саясый күрөштүн маданияттуу жолунда күрөшүп келет. А мындай күрөш, түпкүлүгүндө чоң саясатка даңгыр жол ачаарын бөркүмдөй көрөм. Эмесе, Адил мырзанын соңку жаңылыктары менен төмөндө бирге таанышалы окурман…    

– Адиль мырза, АКШга барып келген сапарыңыздар канчалык жемиштүү болду? Ал жакка барып, грант алып келип, эми аны Кыргызстандан акташ үчүн бийликке каршы “түрдүү обондорду” созуу менен алектенесиңер да ээ? Адатта, “бекер быштак капканда гана болоорун” билесизби? Баса, океандын ары жагына барган-келген сапарыңыздарды өзүңөр каржылаганыңар айтылууда. Эч жерде иштебей эле силер анча акчаны кайдан таап жатасыңар?

– Башкаларды айтпай эле коёюн, бирок, мен буга чейин бир да жолу ал жактан грант же башка бир акча алып көргөн жан эмесмин. Албетте, муну актануу катары айтып жаткан жерим жок. Бул сапар менин АКШга болгон экинчи барышым болду. Маселен, мен ошол эле Москвага болгон сапарымды санап көрсөм, баш-аягы 20 жолу барып келиптирмин. Ал сапарларымда деле расмий жолугуушулар болгон. Бул жолу дагы бир жыл мурункудай эле мамлекеттик департаменте жолугушууну өткөрдүк. Анда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамиле боюнча пикир алмаштык. Андан кийин “Голос Америки” менен сүйлөшүү болуп, алар өздөрүнүн программаларын, биздеги жаңы жеке каналга чыгарып туруусу чечилди. “Фридом Хауста” алар биздин Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон кысымды көңүл бурбай жатканын, сын көз караш менен айттык. Андан тышкары, Америкада окуп, иштеп, оокат кылып жаткан кыргыздар менен жолугуп келдик. Биз Европа мамлекеттери, Орусия, Кытай, АКШ, Чыгыш Азия өлкөлөрү менен ар-тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тең салмактуу баланс сактаганга аракет кыла бериш керек. Бул биздей кичинекей өлкө үчүн абдан маанилүү. Ал эми барган-келген сапарыбызга анчалык деле капчыкка түйшүк жараткыдай, көп акча кеткен жок. Анткени, билеттер алдын-ала, жеңилдик менен алынган болчу. АКШга барып, түнөк тапкан, жаткан жерибиз деле арзан чыкты. Анткени, ал жерде бизди күтүп, сыйлаган кыргыз туугандар болду.

– Албетте, АКШга барган сапарыңар ылайым эле жемиштүү боло берсин. Бирок, коомго белгилүү журналисттер, саясатчылар АКШга барып алып, кичинекей балдардай болуп, улам бир сүрөткө түшүп, популисттенип эле элге жарыялай бересиңерби? Ар бириңиздерге кичине да болсо салабаттуурак сапат жетишпей жаткан жокпу?

– Эми көпчүлүктө ушундай, баарына эле жакпайсың да. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрүбүз сага жакпаса эле баарына жакпай калбайт да, бир беткей да айтып, жыйынтык чыгарыш туура эмес. Сапарда жүргөндөгү сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөө – бул бир караганда элдин алдында берген биздин отчетубуз. Өзү саясат, анын ичинде саясатчылар дагы элдин алдында ачык болуш керек. Бул коомдо жемкорлук болбошунун бирден-бир себеби. Ал эми биздеги “саясатчы-ишмерлер” элдин астында өлүмүш болуп жүрө беришет да, жасаган иштери болсо таптакыр башкача. Мындай эки жүздүүлүктү мен түшүнө албайм.

– Биздин саясатчыларда АКШга жана Россияга жан тарткан эки катмар дээрлик калыптанып калганын өзүңүз деле жакшы билесиз да. Маселен, Россияга ыктаган саясатчылар АКШга бармак тургай, атын да уккусу келишпейт. Тышкы саясаттан түшүнүгү бар сизди келечекте АКШ тарапка ыктаган саясатчы катары карасак болобу?

– Биринчиден, АКШ менен Орусиянын биздин мамлекетке болгон таасирин салыштыруу мүмкүн эмес. Орусияда биздин миллионго жакын мигранттар иштейт. Анан калса, биз орус маданиятынын астында тарбияландык, керек болсо, биздин эл көбүнчө дүйнөлүк маалыматтарды орус каналдары аркылуу алып жатабыз. Москванын тышкы саясатында дагы КМШ өлкөлөрү, ошонун ичинен Кыргызстан дагы аларга приоритеттүү. Вашингтон үчүн андай эмес. Алар биздин аймакта тынчтык болуусун жана негизги демократиялык принциптер болушун каалайт. Мен кыргыздын кызыкчылыгын коргогон атуулмун. Менин терең ишенимимде, Кыргызстандын кызыкчылыгы ар кыл мамлекет менен кылдат, туура мамиле куруу болуп эсептелинет.

– Бийликке багынбаган “Жаны Муундагы” саясатчылардын сап башында сиздин ысымыңыз ар убак айтылып келет. Өткөн жылдары сизге элчиликтен да кызмат сунуштап көрүштү. Атамбаевге болгон жеке таарынычыңызды бетке кармап эле курулай кыйкырык менен алектенип жүрө бересизби эми? Бүгүнкүдөй “таш чайнап, кум бүркчүдөй” болуп турган кезиңизде мамлекеттик кызматка барып, элге, өлкөгө бир жардам бербейсизби? Бийлик тараптан дагы бир ирет кызмат сунушталса барат белеңиз?

– Туура, балким жеке керт башымдын кызыкчылыгын ойлосом кете бермекмин. Бирок, азыркыдай “жылаңайлак” статусумда Кыргыстандын өнүгүшүүнө кошкон салымым чоңураак го деп ойлойм. Башка “өзүм билимдүүмүн” деген жаштарды деле көрүп жатпайбызбы. Жалгыздап мамлекеттик жумушка баргандарды сындырып жатканын. Анткени, системалык реформа болмоюнча эчтеке өзгөрбөйт.

– Силерге карата айрым аттуу-баштуу эле журналисттер “бизди сөз эркиндигин колдоо боюнча бул жактагы форумдардан пайдаланып, АКШга бараарга келгенде бизди таштап, келечекте келчү грантты кызганышты” дегендей нааразы пикирлери тар чөйрөдө айтылууда. Ушул боюнча кандай актануу кыласыздар?

– Бизде бара турган тизме ачык эле болчу. Ким кааласа барса деле болмок. Бул жерде эч кандай бизден аларга же алардан бизге карата кандайдыр бир кызгануу кылуунун себеби жок.

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: