Menu

Салайдин Авазов, Жалал-Абад шаарынын мэри: “Биз эч кимге зомбулук көрсөтпөй, мыйзамдуу аракеттерди гана жасап жатабыз”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык бийликтери борбордук көчөнү кеңейтүү иштеринде бардык аракеттерин мыйзамдуу жүргүзүп жатат. Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу фактылары жок. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов билдирди.

Анын айтымында, шаардагы борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүү максаты 2010-жылы эле пайда болуп, шаар бийликтери тарабынан ошол көчөдө жашаган элге бул тууралуу эскертилген. Көчөгө жакын жерге курулуштарды жүргүзбөө жагы айтылган. Андан сырткары, 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин көчө боюнда короону тосмолоо максатында курулган дубалдардын жараксыз экенин сейсмологиялык борбор аныктап, аны бузуу зарылдыгын эскерткен.

“Биз өткөн жылы да Ленин көчөсүнүн борбордук бөлүгүн кеңейткенбиз, ошондо шаар тургундарына кийинки этапта көчөнүн азыркы иштер жүргүзүлүп жаткан бөлүгү кеңейтиле турганы кабарланган. Кийин биз ушул көчөдө жашаган тургундар менен эки жолу жыйын өткөрүп, көчөнү кеңейтүү зарылдыгын түшүндүргөнбүз. Алар мындай иштердин жүргүзүлүшүнө макул болушкан. Анан көз карандысыз баалоочу келип, тургундардын жерин, курулмаларын баалап кеткен. Эми биз ошол баалоочунун корутундусуна ылайык тургундарга компенсация төлөп беребиз. Дубалдары бузула турган 38 үй болсо, анын 35ине ушундай компенсациялар төлөнөт, ал эми үчөөсү жерди мыйзамсыз ээлеп турганы үчүн компенсация төлөнбөйт. Азыр ошол эски, жараксыз дубалдарды бузуу иштери жүрүп жатат. Сегиз үй-бүлө дубалдарын өз ыктыярлары менен өздөрү бузуп жатышса, калгандарына жардам катары шаардык бийликтер техника, адам күчү менен көмөктөшүп жатышат. Дагы бир нерсе, бузулган учурда курулуш материалдарын тургундар өздөрү алып калышууда, аларды өздөрү кийин муктаджыктарына керектешет. Бардык аракеттер, бардык иш-чаралар мыйзамдуу, өз ара макулдашуу менен чечилип жатат, бир дагы зомбулук же терс аракеттер жок”, – дейт Авазов.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүнүн шаардын ортосундагы бөлүгү кеңейтилип, шаардагы унаа тыгындарынын көйгөйү чечилген болчу. Эми унаа тыгындары көчөнүн башка бөлүгүнө жылып, шаар тургандары бийликтерден унаа тыгындарын тезинен чечүүнү талап кылышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: