ИИМдин мурдагы министри М.Турганбаев жылкы теппей, жылан чакпай кызматынан кеткенден бери, узун кулактар дагы кетчүлөрдүн катарына Билим жана илим министри Э.Сариеваны, Саламаттык сактоо министри Т.Батыралиевди, Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтовдорду кошо коюшкан. Булардын ичинен нерви чыдабай кеттиби же андай маалымат таза эле жалганбы, айтор биринчи болуп Билим жана илим министри Э.Сариева ЖМКларга үн катты. Анын айтканына караганда мындай ушактарды учуруп жаткандарга билим жана илим тармагындагы коррупциянын тамырын балталап, араалап, кескилеп жаткандыгы себеп болушу ыктымал экен. “Мен осол сунуштарды аткарбайм: депутаттын апасына жакпаган үчүн мектептин директорун иштен албайм, борбордо кимдир бирөөгө имараты керек болгон үчүн окуу жайды жаап коё албайм”, – деп билдирди Э.Сариева. Анча болду кайсы депутаттын апасына жакпай калганы үчүн, кайсы мектептин директорун жумуштан албай, кимге кайсы имаратты бербей койгонун ачык айтып койсо, “Эльвира айым, эгерим кызматтан түшпө” деп жар салбайт белек.
Булак: “Жаңы агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ