Menu

УКМК чын эле ушундайбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда эң коррупцияланган мамлекеттик ор­ган катары УКМК эсептелерин eurasianews.info сайты жазып чыкты. Бул сайттын сары эсеби боюнча былтыркы жылы мамлекеттик органдардагы корруп­циянын көлөмү орточо алганда 52,3 пайызды түзсө, анын ичи­нен эң көп үлүшү УКМКга, баш­кача айтканда 27,2 пайызы таандык экен. “Law watch” аталган бейөкмөт уюмдун эксперттик комиссиясы даярдаган докладдагы маалыматка караганда 874 ишкердин 694у “Мамлекеттик органдар мыйзамсыз коргоого алабы?” деген суроого оң жооп беришиптир. Алардын ичи­нен 348и УКМКнын колтугунда жан багаарын моюнга алышкан (143 аталыш боюнча). Андан ары “Кыргызстанда абал оор, чиновниктер байып, карапайым адамдар жакырланып барат” деп боору ооруйт аталган сайт. Андайыбызды өзүбүз деле билчү элек, бирок ар кандай аталыштагы бейөкмөт уюм же белгисиз сайттардын минтип чукулап турушу оор эле тийет экен.

Булак: “Жаңы агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: