Атактуу мушкер Мухаммед Али 74 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу NBC News телеканалына шилтеме берип орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Буга чейин мушкер дем алуусу начарлап, Аризона штатында ооруканага жаткырылганы кабарланган. Кийинчерээк анын оор экени маалым болгон.
Эске салсак, мушкер көп жылдан бери Паркинсон дарты менен жабыркап келген. Мухамед Али оор салмак боюнча үч жолу дүйнө чемпиондугун уткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ