Мындай чечимди Республикалык аскер соту кабыл алды. Аталган сот өкүмүнө ылайык, УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду 20 жылга жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Данияр Дунгановду 25 жылга эркинен ажыратуу боюнча Бишкек гарнизонунун өкүмүн күчүнө калтырып, аларды сот залынан камакка алды.
Буга чейин сот аталган адамдардын ден соолугуна байланыштуу эркиндикте калтырган эле.
Аларга 2010-жылдын 7-апрелинде нааразылык акциясына чыккан адамдарга курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган деген айып тагылган.
Булак: azattyk.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ