Токон Мамытов кызматсыз калып, урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай жүргөн убагында “менде Кумтөр боюнча бомба бар, мен билген фактыны эч ким билбейт, ал өтө коркунучтуу” – деп жатты эле. Көрсө бомбасын кызматка алмаштырып иймек тура. Бул генералды чыныгы элдик генерал деп жүрсөк кызматтын генералы экен. Бомбасынан дайын жок. Өзү Ысык-Көлдүн кулуну болгондон кийин бомбасын кызмат менен соодалашпай эле Кумтөрдүн бетин ачып берсе чоң ишке жарайт эле. Ансыз ал маселе бийликтин да, карапайым элдин да баш оорусуна айланды.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ