Menu

Жогорку Кеңеш Темир Сариевдин ишин генпрокуратурага өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-июнда Жогорку Кеңеш “Балыкчы-Корумду жана Бишкек-Манас жолдорун салууда жана малга паспорт берүүнү техникалык жактан камсыздоо үчүн жабдыктарды сатып алууда өткөрүлгөн өкмөттүк тендерлерде мыйзамдардын сакталышын иликтөө боюнча” депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусун талкуулашты. Акырында парламент депутаттык комиссиянын “Темир Сариевдин өкмөтү тендерлерди мыйзамсыз өткөргөн” деген корутундусун жактырып, укуктук баа берүү үчүн КР Генпрокуратурасына тапшырма беришти.
Буга чейин Жогорку Кеңештин Канат Исаев баштаган бир нече депутаты жана транспорт министри Аргынбек Малабаев ал кездеги премьер-министр Темир Сариевди Балыкчы-Корумду жана Бишкек-Манас жолдорун салуудагы коррупциялык кылмыштар менен айыптап, премьер-министр болуп иштегенине 1 жыл боло электе, 13-апрелде кызматынан кетүүгө аргасыз кылышкан. Ал эми УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызмат Алмаз Атамбаевдин тапшырмасы боюнча бул фактылардын негизинде кылмыш ишин ачып, иликтөөгө киришкен.
Бул кылмыш ишин иликтеп жаткан УКМКнын Антикоррупциялык кызматындагы булактарына таянган “Ачык саясат” гезити Балыкчы-Корумду жолун салууга тендерди мыйзамсыз утуп алган деп айыпталып жаткан кытайлык “Лонг Хай” фирмасынын жетекчилери тергөөдө сурак берип жатып “Биз бул тендерди утуу үчүн премьер-министр Темир Сариевдин Нурбек аттуу жардамчысына 6 миллион доллар санап бергенбиз” деп мойнуна алышканын билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев премьер-министр болуп иштеп турганда 21 жолу мамлекеттик чоң заказдарды тендерсиз кол коюп, ар кандай фирмаларга бергени белгилүү болду.
Баарынан кызыгы, Балыкчы-Корумду жолун салууга 8 миллиард сом акча керектелет. Бирок, бюджеттен алигиче 1 тыйын бөлүнө электигин Транспорт министрлигинин кызматкерлери өздөрү билдиришкен. Ошого карабай бул жолдун курулушу Темир Сариевдин буйругу менен кытайлык фирмага тапшырылып, курулушка бюджеттен акча карала электе эле, 2015-жылдын ноябрында жол салуу башталган. Али бюджеттен бөлүнө элек акчанын “откатын” ала коюу үчүн эмне деген гана шумдуктар жасалат.
Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов бюджеттен үнөмдөлгөн акчанын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен көпүрө сала баштаганда Атамбаев “бюджеттен атайын акча бөлүнө электе курулуш баштаган” деген айып менен соттотуп, 6 жылга эркинен ажыратып, азыр куугунтукта жүрөт. Ал эми али каражат булагы чечиле элек Балыкчы-Корумду жол курулушун баштаган Темир Сариевге бул берене боюнча алигиче айыптоо жок. Башка, тендерлердин мыйзамсыздыгы боюнча гана коррупциялык күнөөлөр тагылып жатат. Бул Атамбаевдин адаттагы кош стандарттуулугу же болбосо Мелис Мырзакматовдун кылмыш ишинин артында саясый буйрутма тургандыгынын дагы бир далили.
Өткөн жумада “Манас” аэропортунун мурдагы бажы башчысы, жакшы киши К.К. каза болуп, маркум менен коштошууга жүздөгөн адамдар келди. Кечигип болсо да тажияга келген экс-премьер-министр Темир Сариевге эч ким жандабай, эч ким келип учурашпай, четте жалгыздап турганы кейиштүү көрүндү. Бир гана муну байкап турган экс-ички иштер министри Абдылда Суранчиев чыдабай кетти көрүнөт, басып келип, учурашты. Бул экс-премьерге коомдун мамилесин көрсөттү.
Таалайбек Асанов
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: