Menu

Орозо айында бериле турган садака-битирдин өлчөмү аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ыйык Орозо айында бериле турган битирдин өлчөмүн аныктады.

Муфтият кабарлагандай, 2016-жылга карата бир адамга эсептелинген битирдин өлчөмү – 1,6 кг буудайдын, ундун жана мейиздин, болбосо 3,2 кг арпанын же курманын наркына барабар. Бүгүнкү күндө 1,6 кг буудайдын баасы 32 сом, ун менен арпаныкы – 48 сом, мейиздики – 320 сом, курманыкы – 384 сом.

Кыргызстанда Орозо бул жылы 6-июнда башталып, 6-июлда айт майрамы белгиленет. Орозодо мусулмандар күндүз тамак-аштан, суусундуктан, тамеки тартуудан жана жыныстык мамиледен баш тартат. Бир ай бою күн чыкканча жана күн баткандан кийинки учурда гана наар алууга болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: