Menu

АКШ Кытайдын аскердик аракеттерине эскертүү берди

Бөлүшүү:

Вашингтон Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдарды Кытайдын аскердик базаларга айлантуу аракети Бээжиндин изоляцияланышына алып келет деп эскертти. Ал эми 5-июндагы Сингапурдагы коопсуздук конференциясында Кытай адмиралы Цзянго “биз жаңжал салбайбыз, бирок жаңжалдан коркпойбуз” деди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 4-июнда Монголияга сапары учурунда Кытайдын Түштүк-Кытай деңизинде абадан коргонуу системасын орнотуусу “чагым салуу жана туруксуздукка жол ача турган” кадам болорун билдирген. Кытай ал жерде абадан коргонуу системасын курууну 2013-жылы баштаган.

Ошол мезгилде эле АКШнын коргоо министри Эштон Картер АКШ Азия регионунда коопсуздуктун кепили катары кала берерин маалымдаган. Кытайдын аракетине Жапония, Индия, Вьетнам, Тайван жана Түштүк Корея тынчсыздануусун билдирген. Ал эми аралдардын бир бөлүгүнө Бруней, Малайзия, Филиппин, Тайвань жана Вьетнам ээлигин билдирип келет. Ал жер аркылуу жыл сайын триллиондогон долларга жеткен соода агымы жүрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: