Ош шаарында Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы уюштурган «Ислам баңгизаттарды чанат» аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу Оштогу мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган форумга Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Идрис Кадыркулов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагындагы мечит имамдары жана жаштар комитетинин өкүлдөрү катышышты. Форумдун ачылышында багизаттарга берилүүнүн зыяндуулугу жана кесепеттери боюнча тартылган атайын видеотасма көрсөтүлдү. Андан соң Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев ислам шариятында адам баласы өзүн кантип алып жүрүүсү, өзүнүн жашоо образына жана дене-боюна кам көрүүсү боюнча Куран аяттары жана хадистердин негизинде кеңири түшүндүрүп берди.
Форумдун экинчи бөлүгүндө кызуу талкуу уланып, коомчулуктун арасында баңгиликке азгырылуунун алдын алуу, дин кызматкерлери тарабынан идеологиялык тарбияны күчтөндүрүү жана элдин калың катмарына маалыматты жеткирүүдө чогуу аракеттенүү сунуштары айтылды. Соңунда «Ислам баңгизаттарды чанат» аттуу китептин бет ачаары болуп, китепте камтылган пайдалуу маалыматтарды жайылтуу чечими кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ