Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кадырман мусулман бир туугандар!
Сиздерди Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ак пейилден улуу Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктаймын!
Жараткан Кудай Таала жерибизге тынчтык, береке, элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!
Рамазан айы ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, бакыт, береке алып келсин!
Урматтуу мекендештер!
Рамазан айы – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам.
Рамазан айы – бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген улуу айлардан болуп саналат. Рамазан айы ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Ушул күндөрү бардык мусулмандар изги-сооптуу иш-аракеттерди жасап, келечекке изги ниет кылып, Жараткан Алла Таалага үмүт-тилектери менен кайрылышат.
Рамазан айы мусулмандар үчүн барга топук, азга каниет кылып, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү. Мына ошондуктан бизди ыйык Рамазан айына жеткирген Алла Таалага канча ирет шүгүр келтирсек аздык кылат.
Улуу Рамазан айында жан дүйнөбүзгө, үй-бүлөбүзгө, өлкөбүзгө, бардык Ислам ааламына, бүтүндөй жер жүзүнө бакыт-таалай, кубаныч менен сүйүнүч ала келүүсүн Жараткан Кудай Тааламдан жалынып суранам! Алла Таала биздин өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, бейкутчулукту берсин. Бардык үй-бүлөгө бакыт, тынчтык жана ынтымак каалайм. Дагы бир жолу кирип келген Рамазан айыңыздар кут болсун!
Сиздерди терең урматтоом менен куттуктоо жолдоп,
Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ