Menu

Ош: ажылык сапарга 1255 жаран жолдомо алды

Бөлүшүү:

Ош облусу боюнча быйылкы ажылык сапарга 1255 жаран жолдомо алды. Бул тууралуу Ош облустук казыяттын ажылык иштерге жооптуу адиси Ыйманали Матраимов билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы ажылык сапарга каттоо тартиби онлайн режиминде жүргүзүлдү. Анда облус боюнча 2014-2015-жылдары чүчүкулактан өтпөй калган жана 2016-жылы жаңыдан катталган жарандар кошулуп, жалпы 1978 жаран онлайн тартибинде ажылык сапарга катталган.

Быйыл ажылык сапар үчүн Ош облусуна 1255 орун бөлүнүп, бөлүнгөн квота облустун ар бир районунун калкынын санына жараша коэффициент менен берилген. Ажылыкка каттоонун жыйынтыгына жараша Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда бөлүнгөн квотанын санынан катталган жарандардын саны ашпагандыктан аталган райондордо чүчүкулак өткөрүлбөстөн эле жарандар автоматтык түрдө ажылыкка жолдомо алышты. Ал эми Кара-Суу районунун 3 айыл өкмөтүндө жана Кара-Суу шаарында, Араван районунун 3 айыл өкмөтүндө, Ноокат районунун 7 айыл өкмөтүндө жана Ноокат шаарында ажылыкка жарандар бөлүнгөн квотадан көп катталгандыктан электрондук чүчүкулак өткөрүлдү.

Учурда ажылык зыяратка жолдомо алган жарандарды ажылык сапар үчүн Муфтият тарабынан бекитилип берилген 2600 АКШ долларын топтоо жана виза алууга тиешелүү документтерин толуктоо жургүзүлүүдө.

Бул жылы ажылык сапарга зыяратчыларды жөнөтүү август айларынан башталмакчы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: