Кыргызстанда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммити 7-июнда өтөт. Ага катышуу үчүн биринчилерден болуп Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Бишкекке келди.
Саммитте кызматташуу боюнча 22 документ каралып, жети келишимге кол коюлат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, электр энергия объекттериндеги авариялар тууралуу маалымат алмашуу, билим берүү тармагындагы кызматташтык, радиоактивдүү булактарды жайгаштыруу маселелери талкууланат. Кол коюлчу документтер ичинде агробиотүрдүүлүктүү сактоо боюнча конвенция, мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана тартиптери тууралуу протокол да бар. Андан тышкары социалдык тармактагы кызматташуу маселелери каралат.
Саммитке Беларус, Казакстан, Тажикстан, Молдова, Орусиянын премьер-министрлери катышат. Азербайжан, Армения, Өзбекстан жана Түркмөнстандан премьер-министрлердин орун басарлары келери күтүлүүдө. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган.
Иш-чарага байланыштуу Бишкектеги айрым көчөлөрдө автоунаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ