Menu

Олланд Европа чемпиондугу учурунда теракт коркунучу бар экендигин моюнга алды

Бөлүшүү:

Франция президенти Франсуа Олланд футбол боюнча Европа чемпиондугу учурунда террордук кол салуу ыктымалдуулугу бар экендигин моюнга алды. Анын айтымында, жарандар коркууга алдырбоосу керек.

Француз радиосуна берген маегинде президент футбол оюндары маалында 10 шаардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 90 миң тартип сакчысы тартыларын билдирди.

Ноябрда Парижде болгон теракттан кийин Францияда чочулоо сезимдер таркай элек.

Буга чейин Улуу Британия, Орусия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоочуларына кайрылып, Рамазан айында бүткүл дүйнөдө жигердүү иш баштоого чакырык таштаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: