Menu

Садыр Жапаров, экс-депутат: “Кумтөрдүн экологиялык зыяны 7 миллиард сом эмес, аз дегенде 7 миллиард доллар болот”

Бөлүшүү:

– Кыргыз өкмөтү Кыргызстан эгемендикти алгандан бери Кумтөр менен алышып эле келе жатат. Бирок азыркы өкмөттөгүлөрдөй болуп чечкиндүү кадамдарга бара алган эмес. Кыргызстандын райондор аралык соту Кыргызстандын пайдасына “Кумтөрдү экологиялык чыгымдарды төлөп берсин” деген чечим чыгарып бергенден кийин “Центерра” компаниясы Эл аралык сотко кайрылуу ниетинде турат. Эгер Эл аралык сотко кайрыла турган болсо Кыргызстан соттон утулуп калуу коркунучу болбойбу? – деген сурообузга экс-депутат Садыр Жапаровго төмөнкүчө жооп берди: 

– Акыркы келишим боюнча экологияга келтирилген зыяндар болсо кыргыз сотунда каралат деп жазылган. Ал эми юридикалык маселелер, коррупциялык, экономикалык зыяндар болсо Эл аралык сотто каралат деп турат. Негизи экологиябызга келтирилген зыяндары үчүн Кыргыз сотуна берилгени туура. Бирок биздин бийлик тигилер менен сүйлөшүлгөн эле сумманы берип жатышат. Чын-чынына келгенде экологиялык зыян 7 миллиард сом эмес, эң эле аз болду дегенде 7 миллиард доллар болот. Болбосо жүздөгөн миллиард доллар. Эсиңиздерде болсо, бизден кийин өкмөттүк комиссия барып текшергенде эколог айым Динара Кутманова 5 миллиард доллардын тегереги болот деп эсептеп берсе, биздин өкмөт “Центерра” бул сумманы төлөй албайт дешип, болгону 150 миллион доллар айып салып коюшкан. Тагыраагы тигилер менен алдын ала макулдашып алган эле сумма. Элди дагы бир жолу мына биз сотко берип жатабыз деп болбогон сумма менен алдап жатышат. Салыштыра келсек бул сумма келтирилген чыгымдын деңиздин тамчысындай эле нерсе. Албетте бул иш Жогорку сотко чейин барып андан ары утулган тарап эл аралык сотко бергенге укугу бар. Ошондуктан бул маселеге Эл аралык сотсуз чекит коюлбайт. Ал эми коррупциялык келтирилген зыяндары боюнча түздөн-түз эл аралык сотко берсе болот.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: