Menu

Жума намазга баргандарды эске алып, түштөнүү убактысы узартылат

Бөлүшүү:

Иш убактысында жума намазга барган жарандар үчүн түштөнүүгө бөлүнгөн убакыт жетишсиздик кылып жаткандыктан, түшкү тыныгуу учурун 1 саатка узартуу жана алар үчүн жума күндү эс алуу күн катары калыптандырууну сунуштаган депутат Т.Икрамов “Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү олтурумунда коргоп чыкты.

Демилгечинин айтымында, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жумушчу күндүн кыскарышына алып келбейт. Мисалы, жумуш убактысы 18:00 до аяктаса, азыркы демилге боюнча 19:00до аяктоого туура келет. Бул шарт мамлекеттик гана кызматтагылар үчүн сунушталууда. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлиги, тез жардам, жол-кайгуул кызматы, армия, жана жалпы билим берүүчү мектептер менен университеттер үчүн аталган тартиптин тиешелүүлүгү жок.

Талкууда депутат Евгения Строкова: “Жума күнкү намаз убактысын узартуунун айынан бакчадан балдарын алабыз деген энелердин убактысы кандай болот, эгер иш убактысы дагы бир саатка узартыла турган болсо? – деген суроону тактады. Ушундай эле суроону койгон депутат Аида Исмаилова:”Кышкы мезгилдин убактысы эске алындыбы, себеби ал учурда иш убактысы узарса, күндүн узактыгы да кыскарат эмеспи?” – деп сурады.

Депутат Альфия Самигуилина: “Сунушталып жаткан мыйзамда армия, жана жалпы билим берүүчү мектептер менен университеттер үчүн аталган тартиптин тиешелүүлүгү жок болсо, анда армиядагылар намаз окуу укуктарына ээ боло алышпайбы?” – деген суроону койду.

Мектеп окуучулары да сабактарын таштап коюп, жума намазга деп кетип калып жатышкан фактыларды болсо депутат Жанар Акаев маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен атады. Ошондуктан, ал жумуш убактысын 1 саатка узартуу жолу менен маселени чечпей, иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк менен гана жагдайды жолго коюу дурустугун айтат.

Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз акыркы мезгилде коом талап кылып жаткан жагдайларга ылайыкталып, мыйзамдар жазылып жаткандыгын белгиледи. Ошондуктан, ал сунуш кылынган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгууну туура деп эсептейт.

Соңунда Эмгек кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылмай болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: