Menu

Атамбаев Медведевди “Данакер” ордени менен сыйлады

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-июнда  Кыргызстанга расмий сапар менен келген Орусия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу башында Атамбаев Кыргызстан менен Орусия ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана  эки өлкө элдеринин ар тараптуу карым-катнаштарын чыӊдоого чоң салымы үчүн Дмитрий Медведевге «Данакер» орденин тапшырды.

Ошондой эле Медведевдин дайыма колдоосун белгилеп, кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелерди  бекемдөөгө салымы үчүн Кыргызстандын жалпы элинин атынан алкыш жолдоду.

«Бул сыйлык достукту бекемдөөгө чоң салым кошкондорго ыйгарылат. Биздин биринчи жолугушуудан тарта эле сиз дайыма бизге жардам берүүгө аракеттенип келатасыз. Сиз Кыргызстанга өзгөчө жылуу мамиледесиз. Биз акыркы жылдары сиздин колдоону сезип жатабыз», – деди Атамбаев.

Медведев өз кезегинде жогорку мамлекеттик сыйлыгы үчүн Атамбаевге ыраазылык айтты.

«Бул биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун символу, элдерибиз азыркы заман шарттарында жакшы жашашы үчүн жүргүзүп жаткан жалпы ишибиздин символу. Биз экономикалардын өнүгүшү, социалдык чөйрөдө маанилүү чечимдер кабыл алынышы үчүн аракеттенип жатабыз. Орусия менен Кыргызстан ортосунда достук мындан ары да бекемделиши үчүн мен болгон күч-аракетимди жумшайм», – деди Медведев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: