Кыргызстанга премьер-министр Павел Филип жетекчилик кылган Молдова Республикасынын делегациясы расмий визит менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Молдованын премьер-министрин Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Павел Филип 7-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ