Ооганстанда АКШнын Улуттук коомдук радиосунун журналисти Дэвид Жилкей жана анын котормочусу Забиулла Таманна Гилменд аткылоого дуушар болуп, набыт кетишти. Кол салуу жекшемби күнү Маржа шаарына жакын Гилменд провинциясында болгон. Журналист жана котормочу ооган аскерлери менен автоунаада бараткан учурда кол салууга кабылган.
Радиостанциянын вице-президенти Майкл Орескес Дэвид Жилкей Ирак жана Ооганстандагы согушту чагылдырган фотограф, видео редактор болгонун белгиледи. 50 жаштагы Жилкей 2015-жылы “Эмми” сыйлыгына татыган биринчи мультимедиалык журналист болгон.
АКШ 2001-жылы Ооганстанда аскердик операция баштагандан бери бул өлкөдө 26 журналист өлтүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ