Кечээ, 6-июнда Бишкекте теракт болду деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
“Кечээки теракт боюнча айтылгандар жалган. Шаар тургундарынан тынчтыкты сактап, ар кандай маалыматтарга ишене бербей, тыкыр текшерип көрүүгө чакырабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ Бишкектин Фучик көчөсүндө май ташыган унаа жарылып, өрттөнүп кеткен. Анда 10дон ашык адам жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан көп өтпөй социалдык тармактарда унаанын жарылышын терактка байланыштырган маалыматтар тараган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ