Кыргызстанга Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жетекчилик кылган тажик делегациясы жана Казакстандын премьер-министри Карим Масимов баштаган казак делегациясы келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эки өлкөнүн тең өкмөт башчыларын «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Кохир Расулзода менен Карим Масимов бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ