Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөө жолжоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган «ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева.
Демилгечилердин бири Аида Салянова мыйзам долбоору аркылуу камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөөнүү токтотуу демилгеси сунушталып жатканын белгиледи. «Камакта жаткан депутаттар маянасын алууну уланткан учурлар болгон. Ошондон улам, депутат кылмышка шектелүү менен, камакка алынып, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүнчүлүк жок болсо, маяна төлөө токтотулууга тийиш. Эгер депутат акталып чыкса, анда эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилет», – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ