Menu

Стамбулда бомба жардырылып ондон ашуун киши каза тапты

Бөлүшүү:

7-июнда саат 10дор чамасында Стамбул шаарынын Беязыт районунда полициянын автобусуна кол салуу болуп, бомба жардырылды. Полиция жардырууда жети кызматкери жана төрт киши каза таап, 36 адам жарадар болгонун билдирет.

Жардыруу Беязыттагы полиция башкармалыгы менен Везнежилер аялмадасынын ортосунда жасалган. Жергиликтүү маалымат булактарында коопсуздук кызматкерлеринин унаасы өтүп бара жаткан маалда токтоп турган автоунаа жардырылганы айтылууда.

Учурда түрк коопсуздук күчтөрү жардыруу болгон жерди көзөмөлгө алып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Беязыттагы Везнежилер аялдамасы студенттер көп жүргөн аянт болуп эсептелет. Ага чукул жерде Стамбул университетинин окуу корпустары, кыздар жатаканасы, метро станциясы жана бир нече мейманканалар жайгашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: