Menu

КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-июнда, Бишкекте өткөн Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйынтыдын соңунда төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана процедуралары жөнүндө 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимге мүчө-мамлекеттер ортосундагы протокол жөнүндө чечим;

2. Агробиотүрдүүлүктү сактоо жөнүндө конвенция;

3. Үстүбүздөгү 2015-жылы 2020-жылга чейинки КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташтык программасын жана 2015–2016-жылдарга карата 2020-жылга чейинки КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу чечим;

4. Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттерде 2020-жылы калкты каттоо өткөрүү тууралуу чечим;

5. «Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкынын ден соолугу» стратегиясы;

6. КМШга мүчө-мамлекеттердин электроэнергетикалык обьекттериндеги авариялар жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу келишим;

7. КМШга мүчө-мамлекеттердин электроэнергетика жаатындагы кесиптик билим берүү багытындагы кызматташтыгы жөнүндө келишим;

8. КМШга мүчө-мамлекеттердин радиоактивдүү булактарды жылдыруу маселеси боюнча маалыматтык өз ара аракетешүү тууралуу келишими;

9. КМШга мүчө-мамлекеттердин химиялык өнөр жай тармагында жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жаатындагы концепциясы;

10. КМШга мүчө-мамлекеттердин онкологиялык ооруларга каршы туруу жаатында кызматташуу концепциясы;

11. КМШга мүчө-мамлекеттердин 2016–2020-жылдарга кант диабетинин алдын алуу жана дарылоо боюнча кызматташуу программасы;

12. КМШга мүчө-мамлекеттердин «ART  EXPO» Эл аралык көргөзмөсү жөнүндө чечим;

13. КМШга мүчө-мамлекеттердин базалык уюмдары жөнүндө чечими:

13.1. КМШга мүчө-мамлекеттердин транспорттук комплексти өнүктүрүүнү илимий-техникалык камсыздоо багытындагы базалык уюмдары жөнүндө;

13.2. КМШга мүчө-мамлекеттердин химиялык тармактагы кадрларды даярдоо, кесиптик жактан кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

13.3. КМШга мүчө-мамлекеттердин жаштар менен иштөө боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

13.4. КМШга мүчө-мамлекеттердин жаштар ишкерлигин өнүктүрүү боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

13.5 КМШга мүчө-мамлекеттердин аскер метрологиясынын көйгөйлөрүн иликтөө жана куралдуу күчтөрдү метрологиялык камсыздоо багытындагы базалык уюмдары жөнүндө;

13.6. КМШга мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөр үчүн минадан тазалоо жаатындагы адистерди даярдоо боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

14. 2016-жылга карата Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим;

15. КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржыланган Шериктештик органдарынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн 2015-жылкы документалдык ревизиялоонун жыйынтыктары тууралуу чечим;

16. Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө чечим.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: