Menu

Жанар Акаев, депутат: “Министрлер журналисттердин артынан ээрчиши керек”

Бөлүшүү:

Өкмөттүк бардык органдарга кабыл алынган маанилүү чечимдерин элге жеткиликтүү түшүндүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде каралып жатат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

“Журналисттер өкмөт мүчөлөрүн артынан ээрчибей, министрлер журналисттердин артынан ээрчиши керек, жасаган ишин жеткирүү үчүн. Биз демилгелеген бул мыйзам биринчи окуудан өттү, жакында берилген сунуштарды кошумчалап, эми жалпы жыйынга алып чыгабыз. Кабыл алынса өкмөттүк бардык органдар кабыл алынган маанилүү чечимдерин элге жеткиликтүү түшүндүүгө милдеттүү болот. Ошол эле ОСАГО же жөлөк пул, дагы башка чечимдер кабыл алынганы менен, элге жеткиликтүү түшүндүрүү иштери аз”, – дейт Акаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: