Menu

8-июндан 12-июнга чейинки аба ырайынын болжолу

Бөлүшүү:

7-8-июнда аба-ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун денгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бишкек шаарында 8-июну күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 8-июну күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° жылуу болушу күтүлөт.

8-июну күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетет.

9-10-июну күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

11-12-июну күндөрү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы төмөдөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: