Menu

Чубак ажы Жалилов СДПКчы Жанар Акаев баштаган бир нече депутаттын көзү өткөндө алардын жаназасына турбоого, мусулмандар көрүстөнүнө койбоого чакырды

Бөлүшүү:

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.
Күн көрбөгөн күн көрсө күндүзү чырак күйгүзөт…
«Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын боёптур» деген экен илгери бирөө. Касиеттүү орозонун алгачкы күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана ден соолук боюнча комитетте, жума күнкү түшкү дем алууну бир саатка узартуу боюнча депутат Икрамов Тазабек мырзанын көтөргөн мыйзамы талкууланды. Маданиятты жакшы билген, эл арасында жүрүп жашоонун күрөө тамырын сезе билген комитет төрагасы Садык Шер-Нияз салабаттуу сөзү менен колдоп, анын маанилүү кебин сөздүн кунун билген Момбеков Рыскелди улантып, айтор үч депутат колдоду, алты депутат колдогон жок.
Колдогон депутаттар:
1. Садык Шер-Нияз;
2. Момбеков Рыскелди;
3. Икрамов Тазабек;
Колдобогон депутаттар:
1. Акаев Жанарбек;
2. Исмаилова Аида;
3. Молдобекова Гүлкан;
4. Токторов Алмазбек;
5. Самигуллина Альфия;
6. Строкова Евгения;
Колдогон депутаттардан Аллах ыраазы болсун. Мыйзамдын кабыл алынуусу башка маселе, маселе ким ушул мыйзамды колдогондо турат. Өзүнүн мусулманчылыгын бекемдеп, Курани Каримге кулак салган нарктуу жердин перзенттери экендигине далил беришти.
Кудай Таалам ыйык Куранда айтат:
«Эй, момундар!
Качан азан,
Айтылганда жума күнкү намазга,
Шашылгыла,
Алланы эске салуу (жумушуна).
Соодаӊарды токтоткула!
(Соодадан артык соода бар, пайдасы чоӊ,
Өтө кылдат болгула бир ушуга!)
(Пайда издесеӊ,
Алланы эстеп, зикир кылгын оболу),
Эгер билгиӊер келсе, ушул иштин,
Акыбети жакшыраак да, жогору.
Бүткөн кезде намазыӊар окулуп,
Тарагыла жер-жерлерге,
(Бараар жакка багытты түздөгүлө.
Алла Жоомарт), ырыскыны Берүүчү,
Бир Ошондон алчуӊарды издегиле!
Алланы көп эстегиле!
(Тынчтык конот жүрөк менен маанайга),
Жетесиӊер (көптөн күткөн) таалайга!»
(Жума сүрөөсү- 9,10) Надырбек Алымбековдун котормосунда.
Кудай Таалам колдогон депутаттарды Өзү колдосун, тукумдарынан жакшыларды чыгарсын. Жаман сөз, жаман көз, жаман колдон сактасын. Ыймандан тайгылтпасын. Тилектерин кабыл кылган болсун. Омийин.
Ал эми колдобогон депутаттар боюнча бир-эки ооз сөз. Булардын өз ыктыяры. “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса”! Демократик мамлекеттеги парламентте эмне каалаганын айтканга укуктуу. Ошол эле эркин мамлекеттин жараны катары мен Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен…
• Бир дасторкондо олтурбаймын;
• Аларга кол берип салам бербеймин;
• Алардын жаназасына турбаймын, жана менин жаназама келип калыша турган болсо, аларды катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын;
• Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин;
• Мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын;
• Ушул айткан сөзүм менен Кудай Таалам астындагы карызымдан кутулууга аракет кылдым;
• Эгерде, Азирети Муфтий аманатында болгонумда, булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берген болоор элем;

Мени кээ бирөөлөр радикал же башка деши мүмкүн. Мен болгону – алар укуктарын пайдалангандай эле – сөз эркиндиги деген укугумдан пайдаландым.
Жогорку Кеӊештин интернеттеги дарегинде жайгашкан бул депутаттардын туулган району менен айылын жана кайсы фракциядан экенин айтып койсом ашыкча болбос. Балким кимдин бирөөгө пайдасы тийип калаар:
1. Акаев Жанар. Алай районунун Кабылан-Көл айылы. «СДПК» фракциясы. ЖКдагы мечиттин кереги жок деп айтып эле, жакында айылына мечит ачкандардын катарында жүрдү. Момун мусулман бир алданган жерине экинчи ирет алданбайт.
2. Токторов Алмазбек. Ноокат району, Эски-Ноокат айылы. «Кыргызстан» фракциясы. Фракция жетекчиси Канат ажы Исаев (намаз окуйт).
3. Исмаилова Аида. Бишкек. «Республика-Ата-Журт» фракциясы. Соттошуп мандат алган.
4. Молдобекова Гүлкан. Талас району, Кара-Ой айылы. «СДПК» фракциясы.
5. Самигуллина Альфия. Бишкек. «СДПК» фракциясы.
6. Строкова Евгения. «СДПК» фракциясы.
Акырында муфтиятка сунушум:
Динибизди таза сактоо максатында, муфтиятта, динге каршы иш жүргүзгөн, динибизге душмандык кылган, Ислам баалуулуктарын мазактаган, башка динде болгондордун (өзүн мусулман катары көрсөткөндөрдүн) ысымдары атайын базада камтылса. Анткени касиеттүү жаназа намазы мусулмандарга гана окулат эмеспи. Бекер жерден гайрыдинге жаназа окулуп калып, мусулмандардын көрүстөнүнө коюлуп калып, анын жанындагы жаткан башка момун мусулмандарга алардын кесепеттери тийип калбасын. Окуган молдоке да күнөөкөр болуп калбасын.
Кудай Таалам адаштырбасын…
Чубак ажы Жалилов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: