Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин бүгүн, 8-июнга белгиленген жыйыны өтпөй калды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, казак тараптын өтүнүчү менен жыйын 7-июнда өтүп, тараптар тар курамдагы сүйлөшүүлөр менен чектелди. Эми эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жетекчилиги астында эксперттер сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундун өткөрүүнү даярдайт.
7-июнь күнү Казакстанстандын премьер-министри Карим Масимов Астана шаарына учуп кетти. Казак кесиптешин “Манас” Эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков узатты.
Эске салсак, Карим Масимов кечээ, 7-июнда Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ