Москванын чок ортосунда жайгашкан Владимир Лениндин эстелигине зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Бул туурасында Орусия ИИМи кабарлады.
Москва шаарындагы айкелге зыян келтирүү фактысы боюнча “вандализм” беренеси менен кылмыш иши козголгонун Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
7-июнда эртең мененки 10:30да Москванын полициясына Климашкин көчөсүндөгү шаардык эстеликке зыян келтирилгендиги жөнүндө кабар келип түшкөн. Полиция кызматкерлери ал жерде эки белгисиз адам айкелди жерге жыгып салганын аныкташкан.
https://youtu.be/EFcYKNk0PxA
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ