Menu

Министрлер алмашат – Туйгунаалы Абдраимов Саламаттыкты сактоо министри болоору маалым болду

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим минисртлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги КСДП партиясынын квотасында экени белгилүү эмеспи. Мындан улам КСДПнын көпчүлүк депутаттары, спикер Чыныбай Турсунбеков баш болуп, аталган эки министрликтин жетекчилерине, тагыраак айтканда Эльвира Сариева менен Талантбек Батыралиевдин ишине ичтери чыкпай, нааразы болуп жатышкандыктарын эшиттик. Алар Эльвира Сариеванын ордуна Билим берүү министрлигинин учурдагы статс-катчысы Калысбек Шадыкановду, Талантбек Батыралиевдин ордуна БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду министр кылып дайындоону көздөп жаткандыктары маалым болду. Чындыгында Калысбек Шадыканов менен Эльвира Сариева бир топтон бери талашып-тартышып иштеше албай жатышкандыктарын кулагыбыз чалган. Калысбек Шадыканов кантсе дагы билим берүү тармагында 30 жылдан ашуун эмгектенип, “карт бөрү” болуп калгандыктанбы, билим берүү жаатына жаңы эле аралашып, болгондо дагы автоматтык түрдө министр болгон Эльвира айымдын ишине анча канааттанбай жатыптыр.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: