Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамын киргизүүгө кызыкдар күчтөр парламентте эле эмес, өкмөттүн өзундө да жетиштүү. Бирок бул мыйзам акыры барып унаа ээлеринин кызыкчылыгына эмес, айрым гана жеке компаниялардын кызыкчылыгына иштээрин, алар буга катуу жан үрөө менен чуркап жаткандыгынан эле билүүгө болот. ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматов милдеттүү камсыздандыруу боюнча өкмөт башчынын орун басары Олег Панкратов менен Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын башчысы Санжар Мукамбетовдор катуу чуркап жатканын, алардын жеке кызыкчылыгына жол берилбеши керектигин айтты. Демек эки чиновниктин тамагы эрте эле “майланып” коюлганбы деген суроо туулап жатат.
Эми алар коргоп, колдоп, парламенттен жактырып алууну каалаган мыйзамга келели. Ооба, ар бир унаа ээси милдеттүү түрдө жеке камсыздандыруучу компанияларга бери дегенде 3000 сомдон төгөт экен. Андан тышкары документтерди толтуруп, справкаларды алуу үчүн да түмөн түйшүк жана тыйындар коройт. Ал эми камсыздандыруучу компаниялардын көбү болсо борбор шаарда жана облус борборлорунда болушу мүмкүн. Ошондо тээ Ак-Талаанын айдоочулары Нарынга 100 километр жол басып келип, өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдеши керек экен да. Жол киреге эле 200 сом коротоорун бу Мукамбетов менен Панкратовдор неге ойлонбойт? Ал эми Кыргызстанда катталган унаалардын саны эле 3 миллиондон ашык экенин эске алсак, камсыздандыруучу компанияларга түшкөн каражатка эсеп жеткидей эмес. Буга кошумча, кокус кагышьш-сүзүшүп кеткен унаалардын кимиси күнөөлүү болуп, кайсы камсыздандыруучу чыгымды көтөрөт дегенге келгенде да чоң суроолор бар. Анткени ошол миллиондогон унаалардын баарында эле видео-регистратор жок, жолдор толук видео байкоого алынган эмес, МАИлер болсо баягыдай эле “шб” менен шугулданып жүрүшөт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ