Коомчулукта унаалардын терезелерин караңгылатуу боюнча чуулар байма-бай чыгып келет. Жакында эле “БВ” маалымат сайты ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын мурдагы башчысы Сергей Дьяченконун колу менен берилген караңгылатууга уруксат кагазды жарыялашты. Анда аталган жетекчинин колу коюлуп, кызматтык мөөр басылып турганы даана көрүнөт. Бирок азыр аталган кызматчы эмес, кызматтын өзү жоюлуп, патрулдук милицияга айландырылганын баарыбыз билебиз. Демек бул жерде атайын эле мыйзам бузуучулук бар экени көрүнүп турат. Биринчиден, бул уруксат кагаздары жасалма болушу мүмкүн же кайран Сергей мырза кызматтан кетээр алдында мындай уруксаттарды пачкалап таратып, акча жыйнап алышы да толук мүмкүн. Албетте буга жаңы министр ак же көк деши керек го?!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ