Menu

Эрнис Кыязов: “Кагазда парламенттик, иш жүзүндө президенттик-авторитардык өлкөдө… талтайып жашоо кандай гана ыңгайлуу…”

Бөлүшүү:

…кыргыз болуп туулуп, орусча жашап, арабча өлгөн; мыйзамында “светтик” деп жазып койгон менен Ак үйгө намазкана ачып, борбордук аянтта президенти алдыңкы сапта туруп алып Айт намазын окуп, бирок кээде сакалга, узун кийингендерге асыла койгон; саясаттын ыгына карап, бирде чүт-чүт мусулманга, бирде чүт-чүт светтик кишиге айланып жүрө берген; коммунисттик-атеисттик доордун да чет-четин көрүп бирок заман оошкондо коммунисттик партбилетин ыргытып ийип чала-демократка айлана калган; тандаган багыты демократиялык, бирок элинин турмушунун өзөгү көбүнесе мусулманча; бет алган башкаруу системасы кагазда парламенттик, иш жүзүндө президенттик –авторитардык өлкөдө, кээде Американы эш тутуп, кээде Орусияга өбөктөп, кээде Сауд Арапстанга барып “биз мусулманбыз” деп,.. көп коёнду бирдей кууп, эки атты бирдей минип, ТАЛТАЙЫП жашоо кандай гана ыңгайлуу…

Эрнис Кыязовдун соцтармактагы баракчасынан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: