Menu

Кыргызстандын кулжасын аткан канадалык мергенчи үчүн ким жооп берет?

Бөлүшүү:

Интернет айдыңында канадалык мергенчи Шванкинин Кыргызстанга келип, кызыл китепке кирген “Марка Поло” кулжасын жана тоо текени кантип атып кеткени тууралуу тасмасы катуу талкууга жем таштап отурат. Анткени тасмада мергенчи аң уулоону мамлекеттик кайтарууга алынган Сар-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругунун ичинде жүргүзгөн. Демек бул түздөн-түз мыйзам бузуучулук менен жасалган мергенчилик операциясы. Андыктан башпрокурор Индира Жолдубаева бул боюнча атайын кылмыш ишин козгоп, мыйзамсыз мергенчиликке жол бергендерди, алды менен акыркы 4 жыл айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин жетектеп, кызматынан жаңы кеткен Сабир Атажановду суракка алууга тийиш. Анткени мындай жогорку деңгээлдеги мергенчиликти уюштурууга тасмадагы айтылган “Саку” аттуу жарандын жалгыз колунан келбейт жана Атажановдон уруксатсыз корукка бейчеки адамдар кирүүгө дегеле мүмкүн эмес. Бирок буга башпрокурордун духу жетеби же дагы бирөөнүн куйругун басып албайын деп көрмөксөнгө салабы мезгил көрсөтөт…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: